Тогуз-Торо районундагы бир катар ирригациялык объектилердин абалы текшерилди

Район акими Манас Мураталиев, акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек райондогу бир катар арык каналдардын учурдагы абалы менен таанышты.
Анда райондук суу чарба башкармалыгына караган “Жырма”каналы, “Кара-Табылгы-Дүпкүр”, “Кара-Талаа” каналдарын, көлмөлөрдүн жана суу кампаларынын даярдыгын текшерди.
Аким Манас Мураталиев жазгы талаа жумуштары башталаары менен сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатуу жана жаңы сугат жерлерди ишке киргизүү, ошондой эле суу топтоочу жайларды иретке келтирүү, каналдарды тазалоо, ирригациялык курулуштарды жана атайын техникаларды жазгы-талаа иштерине даярдоо, талааларын сугат суусу менен өз убагында жана керектүү көлөмдө камсыз кылуу жана сугат учурунда жарандарга мүчүлүштүктөрдү жаратпоо боюнча тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, быйылкы жылы райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы объектилерди оңдоого жана калыбына келтирүүгө республикалык бюджеттен 24 млн сом бөлүү пландалууда. Аталган башкармалыкта 5 суу өлчөгүч бар.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply