Тогуз-Торо районунда Мамлекеттик тил күнү белгиленди.
Райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептерде, райондук музей, банк жана бала бакчаларда Мамлекеттик тил макамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган “Кылымдарды карыткан кыргыз тили” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Майрамга арналган салтанатта кызматкерлер кыргыз тилге арналган ырларды көркөм окуу, Мекенди, элди даңазалаган патриоттук ырлар жаңырды.
Кыргыз тилинин түбөлүктүүлүгүн көздүн карегиндей сактоого чакырган чакырыктар илинди.
Эскерте кетсек 35 жыл мурун 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.