ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНДУК ПРОКУРАТУРАСЫНЫН ЖЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН УКУКТУК ЧЕНЕМДИК АКТЫЛАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫН КӨЗӨМӨЛДӨӨ БАГЫТЫ БОЮНЧА АТКАРЫЛГАН ИШ-ЧАРАЛАР ТУУРАЛУУ

Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын буйруктарынын жана башка көрсөтмөлөрүнүн, тапшырмаларынын негизинде иш алып барылды.
Мыйзамдарды аткаруудагы көзөмөлдөө ишинде Тогуз-Торо райондук прокуратура тарабынан мамлекеттин мыйзамдуу таламдарын коргоого көбүрөөк багытталып, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрдү, мамлекеттик менчикке жана бюджеттик каражаттарга кол салуунун ар кандай формаларына каршы күрөшүү, аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөө, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо, жер мыйзамдары боюнча укуктук мамилелерге мыйзамдуулукту камсыз кылууга көңүл бурулду.
Ошондой эле, райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамдарды аткаруудагы көзөмөлдөө иши мамлекеттин мыйзамдуу таламдарын коргоого көбүрөөк багытталып, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүлүп келди.
Атап айтканда, Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан 2024-жылдын 8-айына карата жер менен байланышкан ченемдик укуктук актылардын аткарылышын көзөмөлдөө багыты боюнча жалпысынан 7 текшерүү жүргүзүлүп, 7 мыйзам бузуулар аныкталып, жыйынтыгында 5 сунуш, 1 каршылык, 1 талап келтирилип, прокурордук актылардын негизинде мамлекеттин пайдасына 315921 сом акча каражаты накталай жана 810000 сом натуралай түрдө өндүрүлгөн.
Бул багытта текшерүү иштери уюштурулуп, жыйынтыгында райондогу мамлекеттик органдар тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, бир эле жаранга 2 жолу акысыз жер тилкелерин берүү фактылары аныкталган.
Мисалга алсак, Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын сакталышын текшерүүдө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.
Атап айтканда, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.Султангазиев тарабынан 2004-жылдын 28-июлунда Т.Кадыркуловдун арызынын негизинде жеке турак жай салуу үчүн 42 сандуу токтом кабыл алынып, ага ылайык Т.Кадыркуловго Тогуз-Торо районунун Ынтымак участкасынан 0,10 га жер тилкеси акысыз ажыратылып берилген.
Бирок, Т.Кадыркулов, ага акысыз бөлүнүп берилген Тогуз-Торо районунун Ынтымак участкасынан 0,10 га жер тилкесин өзүнүн бир тууганы Э.Кадыркуловго сатып жиберген.
Ошондой эле, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А. Султангазиевдин 2010-жылдын 7-майындагы 4 сандуу токтому менен Т.Кадыркуловго экинчи ирет, акысыз Тогуз-Торо районунун Алма-Бак участкасынан жеке турак жай куруу үчүн 0,10 га жер тилкеси ажыратылып берилген.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-бер. 1-бөл. талаптарына ылайык, Жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет-деп так көрсөтүлгөн.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызматкерлери мүлккө муниципалдык менчикке ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Бегилеп кетчүү жагдай, райондук прокуратура тарабынан, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А. Султангазиевдин 2010-жылдын 7-майындагы 4 сандуу токтому негизсиз кабыл алынгандыктан, 2024-жылдын 11-мартында сунуштама берилип, аталган токтом жокко чыгарылган.
Ал эми жогоруда аты аталган Алма-Бак участкасындагы 0,10 га жер тилкеси (баасы 810000 сом) Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкандыктан, жер участокту алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүлүп, азыркы учурда Каргалык айыл өкмөтүнүн балансасына толугу менен өткөрүлүп берилди.

Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан, жер тилкелерин ижарага жана жеке менчикке берүүдө Кыргыз Республикасынын жер кодексинин талаптары бузулган фактылары аныкталып, анын себебтери болуп айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлери тарабынан жер менен байланышкан мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын билбегендиктен, ошондой эле өздөрүнүн кызматтык милдеттерине кайдыгер мамиле жасашкандыктан келип чыккандыгы көрүнөт.
Прокурордук текшерүү иш-чаралары бул багытта мындан ары дагы улантылууда.

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply