Көз оорулар кабинетине заманбап жабдуулар тапшырылды
Тогуз-Торо райондук Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун көз оорулар кабинетине көздүн басымын өлчөнгөн заманбап медициналык аппарат тапшырылды.
Аталган аппаратты Швейцариянын Кызыл Крестинин каржылык колдоосу менен “Кыргызстандын аярлуу жамаатарында көздү сактоо/офтальмологиялык кызматарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу” долбоорунун алкагында Кызыл Ай коому тарабынан берилди.
Белгилей кетсек буга чейин аталган коом тарабынан ооруканага заманбап компьютердик афторефрактомия аппараты, щелевая лампа аппараты жана офталмоскоп прибору аркылуу ар кандай коз ооруларынын аныктоо. 266 сыноочы линзалардын жардамы менен көздүн көрүүсүнө туура келүүчү көз айнекти аныктоочу аппараттар алынып берилген.