Тогуз-Торо: √3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу капиталдык ремонттон өткөрүлдү

Тогуз-Торо: √3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу капиталдык ремонттон өткөрүлдү
Райондун Атай айыл аймагынын Арал айылындагы √3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Ага акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Атай айыл аймагынын башчысы Аскербек Жаңыбаев, райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун директору Дурия Абдылдаева, райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Асем Садырова, медицина кызматкерлери, курулуш компаниясынын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Дарыгерлер тобунда дарылоо бөлмөсү, УЗИ кабинети, алгачкы жардам көрсөтүү, эмдөө бөлмөлөрү, гинекологиялык отургуч жана эмдөө бөлмөсү бар. Бул мекемеде 3 медицина кызматкери эмгектенет.
Жергиликтүү тургундар бул мекеменин капиталдык оңдоп түзөө иштери дээрлик 30 жылдан бери жасалган эмес. Райондук оорукананын өздүк каржылоосунун негизинде 2 млн 443 миң сомго “Алтын Өрөөн ТТ” курулуш иштерин жасаган.
Бирдик айылында 2700гө жакын калк жашайт.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply