Тогуз-Торо районунда ЗРК Кара-Талаа каналы курулат
Райондун Табылгыты айылында каналдын курулуш иштерине район акими Манас Мураталиев старт берди.
Каналдын курулуш иштерине Каргалык айыл аймагынын башчысы Зууракан Акунова, айылдык кеңештин төрагасы Таалай Токтоболотов, курулуш бригада өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Аким Манас Мураталиев долбоордун алкагында Тогуз-Торо районундагы ири долбоорлордун бири экенин баса белгилеп, ЗРК Кара-Талаа кайракы 450 гектар жаңы жерлерди өздөштүрүү үчүн аталган каналды куруу каралган.
Каналдын узундугу З080 метр, кубаттуулук күчү секундасына 3 метр куб сууну батырган каналдын курулушу эки жылга пландалып, болжолдуу баасы 52 млн 900 миң сомду түзөт.
Аталган долбоор мамлекеттик органдардын ар тараптуу көмөктөшүүсү, райондук Өнүктүрүү фондунун, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн колдоосу аркылуу ишке ашырылууда.