Тогуз-Торо: Аким ойлоп табуучуларды кабыл алды.
1. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жарыяланган “2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясы” алкагында “Тогуз-Торо Жаштар бизнес-акселератор” сынагы жарыяланган.
2. Сынакка район боюнча жалпы 9 долбоор тандоо этабына өтүп, ар бир катышуучу өздөрүнүн долбоорлорун жакташкан.
3. Сынактын негизги максаты коомдун экономикалык өнүгүшү үчүн олуттуу жакшыртууларды түзүү, социалдык, экономикалык, экологиялык жана башка көйгөйлөрдү чечүүгө, пайда алууга багытталган актуалдуулукка жана практикалык мааниге ээ болгон инновациялык бизнес долбоорду ишке ашыруу.
Жаштар арасындагы ишкердик чөйрөнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү, райондогу ойлоп табуучулук жана инновациялык иште жаштардын кызыкчылыгын жана жигердүүлүгүн жогорулатуу.
Жыйынтыгында сынактын талаптарына жооп берген долбоор Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев кабыл алуусунда болуп, долбоору менен таанышып, жайылтуу максатында администрация тарабынан колдоо максатында сыйлыкка көрсөтүлөөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек жеңүүчү “БББ Датка” үй шартында күнөскананы тамчылатып сугаруу системасын компьютердик башкаруу менен орнотуу” автору Байбешим Жумадил уулу.