Дыйкан фермерлер айыл чарбадагы жаңы ыкмаларды үйрөнүштү.

Каргалык айыл өкмөтүндө райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан дыйкан фермерлер үчүн 2 күндүк окутуу өткөрүлдү. Ага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Зууракан Акунова, КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Айыл чарбасын механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурлан Кожогулов, Нарын районунун “Нур” кооперативинин башчысы Нурбек Мусалиев, Сузак районунун “Бейли” кооперативинин башчысы Кудайберген Жуманазаровдор катышты.
Окутуунун биринчи күнүндө айыл чарба кооперативдерин түзүү, максаты, ишин уюштуруу, жамгырлатып, тамчылатып сугаруу системасын колдонуу, сугат системасына жаңы инновациялык технологияларды киргизүү жана айыл чарба техникаларын лизингке алуу боюнча тиешелүү адистер тарабынан маалымат берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Окутуунун экинчи күнүндө адистер тажрыйбалары менен бөлүшүп, тамчылатып, жамгырлатып сугаруу системасын практика түрүндө көрсөтүүнү фермери Ислам Мадалкановдун алма багында, багбан Манас Жусумамбетовдун клубника, жашылча жемиш талаасында жана фермер Тынчтыкбек Абдрахманов Төө-Булак участкасында жеринде семинардын катышуучуларына көндүмдөрдү көрсөтүп беришти.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply