«Атам, апам жана мен» спорттук оюну

«Атам, апам жана мен» спорттук оюну

20-февраль 2019-жылы №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде “2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата “Атам, апам жана мен” деген темада спорттук иш чара өткөрүлдү. Ага даярдоо классынын мугалими Г.Султаналиеванын окуучулары ата-энелери менен катышты.
“Атам, апам жана мен” аттуу спорттук оюндун максаты: Окуучуларды сергек жашоого, спорт менен машыктырууга, шамдагайлыкка, ден соолукка кам көрүүгө үйрөтүү. Балдардын кыймыл аракетинин максаттуу болушун, тапкычтыгын, логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын өнүктүрүү. Ата-энени сыйлоого, үй бүлөөнү урматтоого,
бири-бирин колдоого, спортту жана табиятты сүйүүгө тарбиялоо менен топто иштөөнү үйрөтүү.
Спорттук оюнга “Жалын”, “Ар намыс”, “Алтын уя”, “Алга”, “Кышкы жалын” жалпы 5 команда катышып, ар бир  команданын курамында 2 ата, 2 апа, 2 окуучудан болушту.
1-тапшырма команданын атын коргоо,
2-тапшырма чана тебүү,
3-тапшырма лыжа тебүү,
4-тапшырма хокей ойноо,
5-тапшырма кардын үстүнө чыгармачылык менен композиция түзүү,
6-тапшырма ромашка гүлүн чагылдыруу болду.

Бул оюнга ата-эне катары Райондук малекеттик администрация башчысы аким Кожошов Айбек Карыбекович, жубайы ушул эле мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Жээналиева Жыргалбу кызы менен “Алтын уя” командасын түзүп, бардык тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткаруу менен баш байгеге ээ болуп, мектеп администрациясынын ыраазычылык каты жана “Креативдүү команда” номинациясына ээ болду. Ал эми башка командаларга дагы ыраазычылык каттар, номинациялар, окуучуларга грамота, медальондор тапшырылды. Мектеп директору А.Базарова, Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев жалпы спорттук мелдешке катышкан ата-энелерге өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Спорттук оюн мектептин спорт аянтчасында      ата-энелер, мугалимдер жана райондук “Жеңиш туусу” гезитинин кабарчыларынын катышуусунда өткөрүлдү.

     

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply