Советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылышынын 30 жылдыгы

Советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылышынын 30 жылдыгы

Кечээ Макмал орто мектебинин жыйындар залында 15-февраль Советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылышынын 30 жылдыгына карата  районубуздун Ооган согушунун ардагерлерине арналган концерттик иш-чара өткөрүлдү. Иш чарага окуучулар, мекеме-ишкана жетекчилери жана кызматкерлери катышып,  райондук мамлекеттик администрация башчысы аким А.К.Кожошов, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери тарабынан  куттуктоо, ыраазычылык айтылып, Ооган коогалаңынын ардагерлеринин ар бирине жана курман болгондордун жесирлерине 2000 сомдон  акчалай сыйлыктар тапшырылды. Концерттик программа Макмал орто мектебинин  мугалимдери, окуучулары жана Маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тартууланды.

      

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply