Жалпы орто билим тууралуу аттестаттарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.
Тогуз-Торо районундагы жалпы билим берүүчү орто мектебин 2018-2019- окуу жылында 11-классты 216 бүтүрүүчү бүтүрүп, бүгүн 24-июнь күнү бардык билим берүүчү уюмдарда жалпы орто билим тууралуу аттестаттарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.
№1 Т.Мойдунов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги салтанаттуу тапшыруу аземине Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Т.Т. Салиманов жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С. Иманбердиев катышып бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, куттуктоо менен №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин артыкчылык аттестатынын ээси Дүйшалиева Берметке “Артыкчылык аттестат” жана ата энесине “Ыраазычылык кат” тапшырылды.
Ошондой эле Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин аттестат тапшыруу аземине райондук мамлекеттик администрация башчысынын 1- орун басары У.И. Иманбердиев катышып бүтурүүчүлөргө ак жол каалап куттуктады.
Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинен жалпы республикалык тестке катышкан 22 бүтүрүүчүдөн, 110 баллдан жогору 12 окуучу алды , анын ичинен Тойчубек уулу Эрлан 200 балл, Алмаз кызы Мирзат 194 балл, Акматбекова Жыпариза -192 балл алышып мектеп администрациясы тарабынан “Ыраазычылык кат “ тапшырылды.