А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүү мекемесинде өткөрүлгөн семинар.

А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүү мекемесинде өткөрүлгөн семинар.

№2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 8.12.2017-жылы «Мугалим билим берүү аркылуу жаш муундун татыктуу келечек ээлерин тарбиялайт» аттуу  темада семинар өттү.

Семинарды 4-класстын (кл.жет. А.Идирисова) окуучулары саламдашуу менен ачып, мектептин директору Э.Арзиева программасы менен тааныштырып, семинарга ийгилик кааалап, кезекти 2017-жылдын 2-3-ноябрында «Класстык сааттардын жана гуманитардык предметтердин алкагында өсүп келе жаткан муунду ыймандуулук маданиятына тарбиялоо көйгөйлөрү» аттуу темада  XXVI республикалык педагогикалык окуунун катышуучусу, үчүнчү даражадагы дипломдун ээси, кыргыз тили мугалими Ж.Жээналиева «Эл акындарынын чыгармаларындагы адеп маданиятына  үйрөтүү  идеялары жана аларды класстык сааттарда колдонуу» темасы менен семинардын катышуучуларын тааныштырып, маалымат берип, өзүнүн сунуштарын, ой-пикирин билдирип, катышуучулар менен талкуу ирээтинде өттү.

Ошондой эле кийинки кезекте «Разноцветные краски» сүрөт сабагынан  башталгыч класстын мугалими М.Назарбекова, «Сүрөт өнөрүндөгү боектун түрлөрү жана анын турмушта айкалышы» темада сүрөт мугалими Н. Кедеев, «Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуӊ чагылганга» аттуу таймаш сабакты   аскерге чейинки даярдык предметинин мугалими  К.Исманов  сабактарын  жогорку денгээлде өткөрүштү.

Андан кийин семинардын жүрүшү боюнча сүрөт мугалими Кедеев Нарынбек өз демилгеси менен сүрөт кабинетин жасалгалап «Өзүмдө болсо көрөӊгө, үйрөтөмүн өнөргө» аттуу сүрөт  көргөзмөсүн тааныштырды. Имараттын экинчи этажында Асан Абдраимов атындагы музейдин уюштурулушу менен «Память об ушедших учителей» аттуу линейка орус тили мугалими И.Абдраимова өттү.

«Адамдын бааланган эмгеги-түгөнүп бутпөй турган өмүр» темада учурда ардактуу эс алууда жүргөн Дардаӊкүева Шарипа эжекенин атындагы химия кабинети ачылды. «Келечек муундарды тарбиялоо-инновациялык усулдарга муктаж» аттуу  семинардын катышуучулары менен тренинг мектептин класстан сырткаркы уюштуруучусу Н.Шайнаева  жыйынтыктады. Семинардын жыйынтыктап жатып, семинар жогорку деӊгээлде өткөнүн, ыраазычылыктарын билдиришти.

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply