“Манас эпосу” жумалыгына карата

“Манас эпосу” жумалыгына карата

2017-жылдын 8- декабрында   райондук  маданият бөлүмүнө  М.Жаңыбаева, Ыдырыс атындагы  жалпы билим берүүчү орто мектептерине келген  Америкалык  волантёрлор Виктория Элизаветта жана Александр Томас жана алардын котормочулары менен биргеликте райондук Ч.Айтматов атындагы борбордук китепкананын кызматкерлери менен  жолугушуп  китепкана менен директору Г. Мамадалиева тааныштырып маалымат берди.

Андан  кийин райондук тарыхый-этнографиялык музейинин  кызматкерлери жана  иштери менен  таанышып, Археологиялык, тарыхый этнографиялык, турмущ тиричилик, буюмдары, улуттук кийимдер,  райондун инсандарынын медалдары , жазма эстеликтер,жергебиздин өзгөчөлүктөрн тастыктаган таштар, жаныбарлардын аң терилери, музыкалык аспатар, эски кол жазмалар, эмгек шаймандары, аскер буюмдары ж.б. экспонаттарын музейдин директору Г.Самсалиева  тааныштырды.

А.Сыдыков атындагы маданият үйүндөгү “Манас” рух ордо канаамасы менен  маданият бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Г.Эгешова тааныштырып, Манас эпосу б/ча чыгарылган баннер көргөзмөлөрүн котормочулардын жардамы менен жүргүзүлдү.

Мындан сырткары искусство мектебинин комуз бөлүмунүн окуучуларынын аткаруусунда  А.Огонбаевдин “Көйрөң күү”, “Маш ботой” күүлөрүн чертишти жана “Көчмөндөр” бийин бийлешти.

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply