БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) тарабынан уюштурулган талаа консультациясы.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) тарабынан уюштурулган талаа консультациясы.

2017-жылдын 11-декабрында райондук мамлекеттик аминистрациясынын жыйындар залында “Жаңы биргелешкен 2018-2022-жылдарга каралган Өлкө стратегиялык планынын алкагында”  БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) тарабынан КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте талаа консультациясы уюштурулду.

Уюштурулган талаа консультациясынын негизги максаты 2018-жылга жергиликтүү өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо болгондуктан, райондогу долбоордук комиссия мүчөлөрү жана фокус топтору менен  талкуу жүргүзүлүп, райондун приоритеттүү багыттары аныкталып, аймактагы элдин жашоо шарттарын жакшыртууга  багытталган жергиликтүү биргелешкен  өнүгүү иш пландарын түзүлдү.

“КЕЛЕЧЕК+” коомдук фондусунун  координатору Ш.О.Усубалиев, жардамчысы Б.У.Турсунбаев жана КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин соц.жооптуу кызматкери  А.Абдумуталипов, БУУ ДАТПнын “Мектептеги тамак-аш программасын оптималдаштыруу” долбоорунун координатору Э.Ж.Ашымов жана координатор М.Сартбаевдер тарабынан атайын толтурулган анкеталардын негизинде  элдин жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган көйгөйлөр БУУ ДАТПга ж.б донордук  уюмдарга сунуштала турган болду.

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply