Тогуз-Торо: Жаңы таштандыны кайра иштетүүчү полигон курулат
Райондун түндүк-түштүк альтернативалуу унаа жолунун боюнда жайгашкан таштанды таштоочу жайы Каргалык айыл аймагынын Тагай участкасына көчүрүлүп, таштандыны кайра иштетүүчү полигон пайда болот. Бул тууралуу район акими Манас Мураталиев таштанды талаасын жеринен көрүп билдирди.
Учурдагы полигон негизги жолдун боюнда жайгашкандыктан келген коноктор аталган жол менен өткөндүктөн жана учурдагы полигон талапка жооп бербеген шартта иштеп жаткандыктан көчүрүү учурдун талабы болууда.
 Анткени бир жылдан бери райондун четинен жер издедик жыйынтыгында Тагай участкасы көчүрүү боюнча чечимди кабыл алдык. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Жаңы полигондун пландалган аянты 70 сотых.
Жаңы таштанды таштоочу жай Тагай участкасында жылдырылып, айланасы курчоого алынат жана таштандыны кайра иштетүүчү завод салынат.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply