Тогуз-Торо районунда “Ийне сапта” долбоору жыйынтыкталды.

“Ийне сапта” долбоору Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын каттоосунда турган энелердин үй-бүлөсүнө туруктуу киреше алып келүү максатында тигүүчүлүккө жөндөмү бар айымдарга атайын бир айлык курс уюштурулуп, ар бир бүтүрүүчүгө сертификаттар тапшырылды.
Долбоордун алкагында биринчи жумалыкта финансылык сабаттуулук, ишкердүүлүктү баштоо, каржы булагын туура пайдалануу боюнча окутуудан өтүштү.
Экинчи жумалыкта тигүүчүлүктүн теория жана практика жүзүндө тигүүнү үйрөнүштү.
Анда курак, сайма, кызга сеп, туристтер үчүн атайын сувенирлерди тигүүнү үйрөнүштү.
Соңунда 20 айымга атайын сертификаттар тапшырылды.
Белгилей кетсек долбоордун максаты катышкан ар бир айым өз алдынча тигүүчүлүктү үйрөнүү менен үй-бүлөсүнө туруктуу киреше табууга мүмкүнчүлүк жаратуу болуп саналат.
“Ийне сапта” долбоору райондогу социалдык жактан аз камсыз, жалгыз бой жашаган, жумушсуз аялдарга колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply