Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасын ишке ашырууда долбоорлор каралды

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында Дүйнөлүк азык-түлүк программасын ишке ашырууда долбоорлорду кароо боюнча жыйын өттү. Ага район акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери, комиссия мүчөлөрү катышты.
Райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова 2024-жылга айыл аймактардан келген долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек “Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен райондун аймагында азык-түлүк таратуу, аз камсыз болгон үй-бүлүлөргө колдоо көрсөтүлүүдө. Долбоор район боюнча адам күчүн талап кылган жумуштарга тартуу менен аярлуу үй-бүлөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун, туура тамактануусун жана бакыбаттуулугун жогорулатуу боюнча бир катар окутуулардан өтөт. Айылдарда коомдук жумуштарга тартуу боюнча айыл аймактардын айыл өкмөт башчыларын активдүү катышууга чакырып, тапшырмалар берилди.
Соңунда район боюнча 7 долбоор кабыл алынды.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply