√1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Компетенттүү мугалим- сапаттуу билимге ээ окуучу” аттуу окутуу өткөрүлдү.

Окутууга акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер жана ата-энелер катышты.
Окутуунун максаты окуучуларды сапаттуу окутуу менен бирге, алардын жөндөмүн, ой-пикирин сыйлоо жана нарктуу муунду тарбиялоо, мугалимдик кесипти даңазалоо жана тажрыйба алмашуу
Мугалимдер ар бир класста ачык сааттарды өтүп, окуучулар арасында “Акыл ордо” интелектуалдык таймашы менен уланып алдыңкы окуучуларга сыйлыктар тапшырылды.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply