Тогуз-Торо районунда “Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин” кесиптик майрамы болуп өттү.
Ага, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Темирбек Арун уулу, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, айыл өкмөт башчылары, райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова жана Профсоюз комитетинин Тогуз-Торо райондук төрагасы Марлис Олжотоев катышты.

Майрамды утурлай, 2024-жылдын 2-3-октябрь күндөрү Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн XIII облустук спартакиадага активдүү катышып келген, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧА) жарандарыбызга райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мураталиев Манас Манапбековичтин акчалай сыйлыктары тапшырылып куттуктоо сөздөрү айтылды.
Майрамыңыздар менен!









