Ден соолугун калыбына келтирүү (реабилитациялык) борбордун курулуш иштери башталды

🏔Тогуз-Торо районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Манас Мураталиевдин демилгеси менен Казарман айылынын М.Исаков көчөсүндө ден соолугун калыбына келтирүү (реабилитациялык) борбордун курулуш иштери башталып, пайдубалына капсула салынды.
🔸Ага, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.М.Мураталиев, орун басарлары, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери, айыл аксакалдары, “Аракет” реабилитациялык борборунун эмгек жамааты жана ата-энелери катышты.
🔹Аталган реабилитациялык борборун куруу “Сармат” курулуш компаниясы тарабынан жүргүзүлөт. Жалпы сметалык баасы 14220,2 миң сомду түзөт. Жеке демөөрчүлөр тарабынан каржыланат.
🔸Райондо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 248.
📍Белгилей кетсек, ден соолугун калыбына келтирүү борборунун имараты курулуп бүткѳндѳн кийин, Каргалык айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине ѳткѳрүлѳт жана бардык коммуналдык кызматтары айыл ѳкмѳтү тарабынан каржыланат.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply