Тогуз-Торо районунда “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорунун алкагында окутуу өткөрүлдү

Райондогу багбан, фермерлерге жана дыйкандарга “Мөмө – жемиштер” айыл чарба кластеринен жеңилдетилген кластердик каржыланууну кантип алса болот? Карагат жана карагатты кантип өстүрүү” теманын алкагында
Тогуз-Торо райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулду
Окутууну “Мөмө жемиштер” кластеринин түштүк аймактары боюнча өкүлү Арзыгүл Маматова, райондук банк өкүлдөрүнүн катышты.
Окутууда 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча маалыматтар берилди.
Кластер – киреше табуу максатында чакан айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн өз ыктыяры менен биригүүнүн натыйжасында район аймагында карагатты өстүрүү менен киреше булагына чыгуу жана бир максаттуу азыктарын даярдоо боюнча практикалык көндүмдөр үйрөтүлдү.
Белгилей кетсек 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорун ишке ашырууга 10 млрд сом бөлүү каралган. Бул каражат ишкерлерге “Айыл банк” жана “РСК Банк” аркылуу жеңилдетилген насыя түрүндө берилүүдө.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply