Тогуз-Торо: райондун социалдык-экономикалык экономикалык өнүгүү планы иштелүүдө
Тогуз-Торо районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук мамлекеттик администрациянын адистери, мекеме ишканалардын жетекчилери, жарандык коом жана жеке ишкерлер бир жумалык окутуудан өтүштү.
Окутууда СЭӨП иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги бекиткен “Аймактарды өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун жаңы Методикасынын” негизинде өткөрүлүп маалымат берилди.
Райондун 5 жылдык өнүктүрүү планын иштеп чыгуу боюнча маалымат берилип, практикалык көндүмдөр менен коштолду.
Тренинг Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын “Натыйжалуу муниципалдык башкаруу” квалификациясын жогорулатуу билим берүү программасынын алкагында Улуу Британиянын өкмөтү жана Дүйнөлүк банктын “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” Программасынын (EGED) жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосунда ХЕЛВЕТАС жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.