Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында коопсуз миграция маселелери боюнча маалымат жыйын болуп өттү.

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында коопсуз миграция маселелери боюнча маалымат жыйын болуп өттү.
Иш-чарага акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун түштүк аймагы боюнча бөлүм башчысы Самат Токтосунов айыл өкмөт башчылары, райондук билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү жана райондун тургундары катышты.
Жыйында тургундарга мигранттардын ресурстук борборунун иши жана мигранттарга бекер консультация берген жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
Катышуучуларга коопсуз миграция чаралары, мыйзамсыз миграциянын тобокелдиктери тууралуу маалыматтар берилип, тургундар кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Жарандар мыйзамдуу миграциянын келечеги жана мыйзамсыз миграциянын тобокелдиктери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууда актуалдуу, так жана өз убагында маалымат менен камсыз кылууда өкмөткө колдоо көрсөтүү үчүн иштелип чыккан расмий www.migrant.kg сайты аркылуу маалымат алып, бара турган өлкөлөр жөнүндө, ошондой эле мигранттардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалыматтарды окушса болот.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply