Тогуз-Торо: Атай муниципалдык эс алуу паркына 800 түп көчөт отургузулду

“Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн жана үч айлыктын алкагында Атай айыл аймагынын Атай муниципалдык эс алуу паркында 800 түп алма, 100 түптөн өрүк, шабдалы көчөттөрүн тигүү акциясы өттү.
Ага район акими Манас Мураталиев, акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана тургундар катышты.
Район акими Манас Мураталиев “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында быйыл райондо “Бир айыл бир продукт” долбооруна улай ар бир айылдын климаттык шартына жараша көчөттөр алынып, максаттуу отургузуу колго алынган.
Аталган парк 2018-жылы айыл өкмөт тарабынан негизделип, айланасы коргондолгон. Былтыр гектар жерге өрүк, шабдалы ал эми быйыл 2 гектерга алма, өрүк жана шабдалы көчөттөрү отургузулду.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply