Туура кесипке багыттоо менен кесиптик техникалык билим берүү учурдун талабы!

Райондук Т.Токтоналиев атындагы √45 кесиптик лицейинин учурдагы ишмердүүлүгү, лицейдин материалдык техникалык базасы жана окутуунун практикалык көндүмдөрү менен атайын көргөзмө уюштурулду.
Ага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери, мугалимдер менен окуучулар катышты.
Аким Манас Мураталиев баштапкы кесипке ээ болуусу үчүн зарыл болгон техникалык базасын чыңдоо, финансылык, чарбалык көз карандысыздыгына жетишүү жана мекемеде өндүрүштүк базаны жандандырууну колго алуу, күнөскана иштетүү, тигүүчүлүктү жандандыруу мезгилдин талабы экендигин айтып, билим алгандар теория менен гана чектелбестен практика жүзүндө үйрөтүүгө басым жасоо боюнча лицей жетекчилигине тапшырмалар берилди.
Аталган кесиптик лицейи учурда 8 багытта айдоочу, тигүүчү, фермер, слесарь, курулушчу, ашпозчу, электромонтёр , аарычылык жана кайра иштетүү багытында кесиптик билим беришет.
Жылына кесиптик лицейден 150дөй орто кесипке ээ болгон адистер даярдалат.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply