“Макмал Голд Компани” ЖЧКынын жүргүзүп жаткан иш аракеттери жана соцпакеттеги көрсөтүлгөн милдеттер тууралуу

“Макмал Голд Компани” ЖЧКынын жүргүзүп жаткан иш аракеттери жана соцпакеттеги көрсөтүлгөн милдеттер тууралуу

2021-жылдын 2-февралында “Кыргызалтын” ААКынын өтүнүчү менен Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин милдетин аткаруучу У.И.Иманбердиев, 5 айыл аймактын айыл өкмөт башчылары жана “Тилектеш Эл” коомдук бирикмесинин төрагасы А.Санжыбаев менен Бишкек шаарына иш сапар менен барып “Кыргызалтын” ААКынын жана “Макмал Голд Компани” ЖЧКынын жетекчиликтери менен жолугушуу өткөрүп келишти.
Жолугушуу учурунда  Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен “Макмал Голд Компани” ЖЧКынын ортосунда түзүлгөн “Социалдык колдоо жана шериктештик, өз ара кызматташтык боюнча” түзүлгөн башкы макулдашуудагы соцпакеттер жана Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарына ылайык ай сайын төлөнүүчү салыктардын өз учурунда төлөнбөй жаткандыгы тууралуу маселелер талкууланып, жыйынтыгы менен “Макмал Голд Компани” ЖЧК тарабынан 2021-жылдын 1-февралына карата салыкка болгон 25,0 млн. сом, электр энергияга 7,0 млн.сом карыздарын  которуп беришти жана ай сайын төлөп туруу жагы милдеттендирилди.
Мындан сырткары соц.пакет боюнча 1000 даана бал челек даярдоо үчүн январь айында аванс катары 700,0 миң сом акча каражаты Тогуз-Торо районунда түзүлгөн “Аары Кенч” кооперативине   которулуп берилип, калган 2,8 млн. сомун которуп берүү боюнча маселе каралып оңунан чечилди. Аары челектер 15-апрелде 5 айыл өкмөттүн тургундарына таратылып берилип, аарылары болсо 1-майга карата таратылат.
Ошондой эле “Тогуз-Торо районун өнүктүрүү” фондуна октябрь, ноябрь, декабрь жана январь айлары үчүн 5,0 млн. сом акча каражаты которулду. Бүгүнкү күндө “Тогуз-Торо районун өнүктүрүү” фондусунда былтыркы калдык акчаны кошкондо 12,0 млн. сомдон ашык акча каражаты фонддун эсебинде турат.
Эт заводун куруу боюнча тиешелүү документациясы апрель айынын башында бүтүп, курулуш иштери быйылкы жылдын май айында башталып, 3 айдын ичинде куруп бүтүшөөрү протоколдо белгиленди. Бул эт заводунда колбаса-консерва чыгаруучу цехтери жана муздаткычы болот.
Ал эми “Кыргызалтын” ААК менен “Макмалалтын” филиалынын турак-жай чарбасы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 2021-жылга Нур-Жайык кичи районундагы 3 көп кабаттуу үйдүн чатырын жабуу мерчемделген болсо администрация-башчы У.Иманбердиевдин койгон талабы менен калган 12 үйдүн чатырчасы жабылаары, мындан сырткары 5-6 техника (Эксковатор, Камаз-Самосвал, Ассенизатор, Автовышка жана Водовоз) ЖКО мекемесине алып берүү, көп кабаттуу үйлөрдүн таза суу жана саркынды суу түтүктөрүн алмаштыруу маселеси көтөрүлүп, протоколдо алымча кошумчасы менен белгиленди.
Жолугушуунун соңунда, үстүбүздөгү жылдын 15-25-февралына чейинки аралыкта “Кыргызалтын” ААКынын жана “Макмал Голд Компани” ЖЧКынын башкы директору Сю Лин тиешелүү адистери менен келип, районубуздун эли менен “Макмал Голд Компани” ЖЧКынын жүргүзүп жаткан иш аракеттери жана соцпакеттеги көрсөтүлгөн милдеттер тууралуу коомдук угуу өткөрүлүүсү пландаштырылды.

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply