Өмүрү өрнөк инсан эле.

Өмүрү өрнөк инсан эле.

2020-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Өкүлчүлүгүнүн эксперти, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматкери» Кожоев Бектемир Кожоевич көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак.

Бектемир Кожоев 1950-жылдын 15-ноябрында Нарын областынын Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң, ал СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тарых жана коом таануу адистигине окууга тапшырып, 1973-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктаган.

Бектемир Кожоев өзүнүн алгачкы эмгек жолун  1973-жылы Нарын областынын Ат-Башы районунун Ленин атындагы орто мектепте мугалими катары баштаган.

1975-жылдын декабрь айынан 1979-жылга дейре ал Нарын областтык комсомол комитетинин инструктору, сектор башчысы, уюштуруу бөлүм башчысынын орун басары, 1979-жылдан 1983-жылга дейре Кыргыз ССРинин ЛКЖС Тогуз-Торо райондук комитетинин биринчи катчысы,  1983-жылдан 1988-жылга чейин Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Нарын областтык комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүндө консультант, Саясий агартуу үйүнүн лектордук тобунун жетекчиси, бөлүмдүн биринчи орун басары, 1988-жылдан 1991-жылга дейре Бектемир Кожоев Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Нарын шаардык комитетинин катчысы болуп иштеген.

1991-жылдын ноябрынан 1992-жылдын апрель айына чейин Нарын шаардык Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы, 1992-1994-жылдары Эл депутаттарынын Нарын шаардык кеңешинин төрагасы, 1994-жылдан 1995-жылга дейре Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, 1995-1996-жылдары – Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси, ал эми 1996-жылдан 2001-жылга дейре – Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси болуп эмгектенген.

Акыркы 14 жылда ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратында, андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында иштеген.

2001-04-жылдары КРдин Премьер-министринин аппаратынын мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу ор­гандары бөлүмүнүн, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу секторунун башчысы, уюштуруу иштер боюнча инспектору, кадрлар секторунун башчысы, социалдык-маданий жактан өнүктүрүү бөлүмүнүн баш­чысынын орун басары, 2004-05- жылдары КР Өкмөтүнүн КРдин Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы туруктуу өкүлү- Премьер-министрдин кеңешчиси, 2005-09-жылдары КР Өкмөтүнүн КРдин Жогорку Кеңешиндеги ту­руктуу өкүлүнүн орун басары, 2010-11-жылдары КР Президентинин Администрациясынын эксперти, 2011-жылдан КР Өкмөтүнүн КР­дин Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн эксперти болгон.

Мамлекеттик башкаруу тутумундагы чоң тажрыйбасын эске алуу менен Бектемир Кожоев көптөгөн кызматтарды аркалаган, анын катарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратында социалдык-маданий өнүгүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысы рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары болгон.

Акыркы 8 жылда Бектемир Кожоев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Өкүлчүлүгүнүн эксперти кызматын аркалады.

Кайсыл гана кызматты аркалабасын Бектемир Кожоев өзүн жогорку деңгээлдеги кесипкөй, чынчыл жана ар дайым жаш адистерге жардам колун сунуп, кеп-кеңешин айткан адам катары көрсөткөн.

Көп жылдык эмгеги жана өзүнүн кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн ал «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматкери» сыймыктуу наамына, ошондой эле Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси класстык чинине ээ болуп, КР Өкмөтүнүн «Ардак грамотасы», «Манас» эпосуна 1000 жыл, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл» юбилейлик медалдары менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Өкүлчүлүгүнүн эксперти, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматкери» Кожоев Бектемир Кожоевич 2020-жылдын июль айында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply