Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Мамлекеттик тил макамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган “Кылымдарды карыткан кыргыз тили” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Мамлекеттик тил макамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган “Кылымдарды карыткан кыргыз тили” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Т.Токтоналиев атындагы √45 кесиптик лицейинде Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата окуучулар тарабынан “Тарых сабактары-тарых барактары” аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Райондук А.Сыдыков атындагы маданият бөлүмүндө мамлекеттик тил макамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган “Кылымдарды карыткан кыргыз тили” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Кечеге акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, мекеме ишканалардын жетекчилери, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Кыргыз тилинин түбөлүктүүлүгүн көздүн карегиндей сактоого чакырган чакырыктар илинип, көркөм окуу жана тилди даңазалаган ырлар жаңырды.
Эскерте кетсек 35 жыл мурун 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply