Аким Манас Мураталиев: “Жылда жолдомо берүү райондогу ар бир тармакта колго алынат”
Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев жеңишке жетишкен мугалимдери кабыл алды.
Аким: “Жыл мугалими 2024” райондук, облустук турдан өткөн республикалык сынакта катышып келген Жанара Бекташова менен Канышай Амановага Египетке 7 күндүк жолдомо берип жатып, райондогу ар бир тармакта өзүнүн кесипкөйлүгү менен айырмаланган кызматкерлерге чет өлкөгө жолдомо берилерин кошумчалады.
Мындан сырткары 2023-2024-окуу жылында Билим берүү жана илим министрлиги райондогу Тоту Мойдунов атындагы №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебин “Жылдын мыкты мектеби” аталып, республика боюнча 122 мектептин арасынан алдыгы үчүн 30 миң сом сертификат тапшырды.
Район боюнча 14 мектеп бар. Анда 550 мугалим эмгектенет.




