Бирдик айылындагы АРИС долбоору тарабынан курулган 50 орундуу бала бакча ишке берилди.
Бирдик айылындагы АРИС долбоору тарабынан курулуп жаткан сметалык баасы 14368,7 миң сомдук 50 орундуу бала бакчанын курулушу “Кербен” курулуш ишканасы тарабынан толук бүткөрүлүп, бүгүн пайдаланууга берилди. Бала бакчага ички эмерек алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 275,0 миң сом, Швейцария өкмөтү каржылаган жана ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Филиалы менен өнүктүрүү саясат институту Консорциумда аткарылган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун өнөктөшү тарабынан 2225,0 миң сом бөлүнүп ички эмеректер менен камсыз болду.