2018-жылдын 30-октябрында болуп өткөн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясы
2018-жылдын 30-октябрында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги Коллегиясы болуп өтүп, коллегияда:
- Тогуз-Торо районунун калкын, социалдык объектилеринин жана мекеме-ишканалардын 2018-2019-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу жана
- “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иш жүзүнө ашыруунун абалы жөнүндө маселелер каралды.
Күн тартибинде каралуучу 1-маселе боюнча Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын 1-орун басары У.И.Иманбердиев, ал эми 2-маселе боюнча Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Т.Т.Салиманов жүргүзүлүп жаткан иштер менен биргеликте, кетирилип жаткан кемчиликтерди баса белгилеп, тактама беришти.
Каралган маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерден жасалган иштер боюнча жооптору алынып, коллегия мүчөлөрү тарабынан сын-пикир сунуштар айтылып, тиешелүү мекеме-жетекчилерине жана айыл аймактарынын айыл өкмөт башчыларына Тактамада көрсөтүлгөн кемчиликтерди 2018-жылдын 15-ноябрына чейин жоюу жагы тапшырылып, милдеттенмелер коюлду.