Президент Садыр Жапаров “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө “Кыргызалтын” ААКнын туунду компаниясы – “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекет башчысына ишканада өткөн жылы оңдоо иштери башталганы маалымдалып, ал үстүбүздөгү жылы улантылууда. 112 видеокөзөмөл камералары орнотулуп, жаңы жабдуулар, анын ичинде атайын техника сатып алынды.…