“Айыл Банк” жана “Элдик Банк” менен биргеликте социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү программасы боюнча маалымат берилди.

Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” менен биргеликте социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү программасы боюнча маалымат берилди.
 Пайызсыз насыя программасы социалдык контракттын катышуучуларына бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү жана колдоо үчүн пайызсыз насыяларды берет.
6 айдан кем эмес ишкердик ишин жүргүзгөндүгүн ырастоочу документи бар социалдык контракттын катышуучусу пайызсыз насыя алуу үчүн программага катышуу мүмкүнчүлүгү бар.
Социалдык контракттын катышуучулары бекитилген бизнес-планга ылайык ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө 200 000 сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат.
Катышуучулар пайызсыз насыя алгандан кийин 3 ай жеңилдик алышат (төлөнбөйт), андан кийин 3 жылдын ичинде ай сайын бирдей үлүштөр менен төлөө жүргүзүлөт.
Эскертүү: Программага катышуу үчүн “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдоруна кайрылуусу зарыл.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply