Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын демилгесинин негизинде Каргалык айыл аймагы менен биргеликте “Демилгелерди Өнүктүрүү агенттиги” (ADI) уюму тарабынан Бүткүл Дүйнөлүк Азык-Түлүк Программасынын колдоосу аркылуу, бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана ДМЧ адамдарды баккан жеке ассистенттерди, социалдык кызматтарды алуу боюнча ( туура массаж жасоо, туура тамактануу, электрондук түрдө патент полис төгүүнү үйрөтүү, медициналык, психологиялык, педагогикалык тармактар ж.б) билим деңгээлин көтөрүү максатында 10 күндүк окуу уюштурулуп, 60 жеке ассистент окутулду. Окуутунун негизинде ун, май менен камсыз болушмакчы.
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
Жаңылыктар календары
Пайдалуу шилтемелер: