Аким Манас Мураталиев Каргалык айыл өкмөтүнүн элинин көйгөйүн укту.

Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиевдин эл менен жолугушуусу Каргалык айыл өкмөтүнүн жыйындар залында өттү. Жолугушууга мекеме ишканалардын жетекчилери, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Эмил Артыкбаев, айылдык кеңешинин төрагасы Таалай Токтоболотов жана тургундар катышты. Жолугушууда тургундар жайыт жерлерин туура пайдалануу, күздүк буудай айдоо, айыл чарба багытындагы көйгөйлөр, үрөөндөрдү иштетүү, борбордук суунун айланасын…