Балдарга карата жасалган жана балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо, укук бузууларды, өзүн өзү өлтүрүүнү (суицид), баңгизат колдонууну, ала качууну, эрте никеге турууну алдын алуу боюнча жыйын өттү

Балдарга карата жасалган жана балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо, укук бузууларды, өзүн өзү өлтүрүүнү (суицид), баңгизат колдонууну, ала качууну, эрте никеге турууну алдын алуу боюнча жыйын өттү

2023-жылдын 13-март күнү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында, Тогуз-Торо районунун Прокурору Мамытов Айыпбек Бидиновичтин катышуусунда жыйын болуп өтүп, жыйында балдарга карата жасалган жана балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо, укук бузууларды, өзүн өзү өлтүрүүнү (суицид), баңгизат колдонууну, ала качууну, эрте никеге турууну алдын алуу максатында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын, о.э. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин жана мектеп директорлорунун, тарбия завучтардын, соцпедагогдордун, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторунун, МАИ кызматкеринин 2022-жылдагы аткарылган иштер боюнча отчеттору угулуп, өздөрүнүн аткарган иштери боюнча маалыматтарын беришти.
Жыйындын соңунда тиешелүү жетекчилерге балдарга карата жасалган жана балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо, укук бузууларды, өзүн өзү өлтүрүүнү (суицид), баңгизат колдонууну, ала качууну, эрте никеге турууну алдын алуу максатында иш-чараларды иштеп чыгып, алардын аткарылышын такай козөмөлгө алуу боюнча милдеттер коюлду.
   
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply