8-март Аялдардын эл аралык майрамы
8-март аялдардын эл аралык майрамына карата райондук А.Сыдыков атындагы маданият үйүндө райондун айымдарына майрамдык маанай тартуулоо максатында райондук мамлекеттик администрациясы, айыл өкмөттөрү, мекеме жетекчилери катышкан майрамдык иш-чара болуп өттү. Майрамдык салтанатта Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.К.Карагулов куттуктоо сөзүн сүйлөп, келген айымдарга каалоо тилектерин айтып, белектерди тапшырды.
Иш-чарада райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкон, коомдук иштерге активдүү катышкан айымдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаровдун куттуктоо каты, райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы”, Кыргызстан Аялдар конгрессинин “Ардак грамотасы” тапшырылды. Майрамдык салтанат маданият үйүнүн кызматкерлери, райондук балдар искусство мектебинин жана райондук балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.