Тогуз-Торо районунун 2025-жылдын 1-кварталынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана 2025-жылдын 2-кварталына карата милдеттери тууралуу маалымат

Район боюнча жалпы өнөр-жай тармагында иштеп жаткан өндүрүштүк субъекттер тарабынан 2025-жылдын 1-кварталында 696 225,1 миң сомдук продукция өндүрүлгөн болсо, ал эми 2024-жыл 1-кварталында ичинде 370 095,7 миң сомдук продукциялары өндүрүлүп, продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 2025-жылдын 1-кварталына 139,9% ды камтып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 326 129,4 миң сомго көп өндүрүлүп, аткаруу 188,1% түзгөн.  Жалпы өндүрүлгөн 696 225,1 миң сомдук продукциянын ичинен 99,7 % пайызын тоо кен тармагы түзсө, 0,3% пайызын райондогу калган өндүрүштүк тармактар түзөт.

Райондун аймагындагы эң ири өндүрүш ишканасы “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн алсак, 2025-жыл 1-кварталында 694 033,5 миң сомдук товардык продукция өндүрүлүп, былтыркы жылдын ушул мегилине салыштырмалуу көрсөткүч  188,0% ды түзгөн, же болбосо 324 883, миң сомдук продукцияга көп өндүрүлгөн. Ал эми жеке ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн товардык продукцияларын ала турган болсок, 2024-жылдын 1-кварталында 945,2 миң сомдук продукция өндүрүлгөн болсо, 2025-жылдын 1-кварталында  2 191,6 миң сомдук продукциясы өндүрүлүп, 2024-жылга салыштырмалуу 231,9 % ды түзүп, 1 246,4 миң сомго көп өндүрүлгөн. (Толук окуу ….)

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply