Тогуз-Торо районунда 8 жылдан бери курулушу токтоп турган мектеп ачылды.
Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Республиканын Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда райондун Атай айылында 225 орундуу √3 Бейше Үрстөмбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби пайдаланууга берилди.
Мектептин ачылуу аземине Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек Жаңыбаев айыл тургундары жана мугалимдер катышты.
Мектептин пайдубалы 2016-жылы тургузулуп, курулуш иштери токтоп турган. 2023-жылы курулуш жанданып, 2 кабаттан туруп, 225 орунга ылайыкташып, атайын кесипке багыт берүүчү класстык бөлмөлөрдө тигүү машиналары, ширетүүчү станоктор жайгашкан.
Эскерте кетсек, бүгүн, 30-август күнү, Президент Садыр Жапаров Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата бир учурда курулушу аяктаган 100 объектини онлайн ачып, Жалал-Абад облусу боюнча 6 мектеп, 7 бала бакча жана 3 мектептин спорт залы пайдаланууга берилди.
#Тогуз-Торо