Тогуз-Торо районунда 1-октябрь “Эл аралык карылар күнүнө” карата камкордук көрүлүүдө.
Район акими Манас Мураталиев 1-октябрь “Эл аралык карылар күнүнө” карата Арал айылынын тургуну Бүкүл Мамытовадан кабар алып, майрамы менен куттуктап азык-түлүк баштыгын тапшырды.
Каргалык айыл өкмөтүнүн айылдарында 350 карыларга сый тамак уюштурулду. Саамалыкка Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Зууракан Акунова, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Жапаралы Казыбаев жана улгайган адамдар катышты.
Аким Манас Мураталиев: “Карылар, улгайган муун коомчулукта маанилүү оорду бар. Бул күндү белгилөө менен коомчулукту улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруу аларга урмат-сый көрсөтүү жана бактылуу карылык тартуулоо керектигин баса белгилеп, Келечектеги пландар жана жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берилип, слайд көрсөтүлдү”.
Соңунда майрамдык маанай тартууланды.
Белгилей кетсек, 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата райондо бир айлык жарыяланып, анда мекеме-ишканалар тарабынан камкордук көрсөтүлүүдө.
1-октябрь Эл аралык карылар күнү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген, бүгүнкү күнгө чейин бүткүл дүйнө белгилеп келет.