2025-жылдын 28-апрелинде Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратында коррупциянын алдын алуу жана аны менен күрөшүү тууралуу окуу өткөрүлдү. Окууда жамаатка “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен тааныштырылды жана “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине” өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратыла тургандыгы жана мамлекеттик, муниципиалдык кызматта кызмат орундарын ээлөгө өмүр бою тыю салынаары айтылды.
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
- Вакансияга мисал
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды
- 1-июнь Балдарды коргоо күнү
- Коррупцияны алдын-алуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча элдик жыйындар өткөрүлүүдө
- Тогуз-Торо районунун 2025-жылдын 1-кварталынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана 2025-жылдын 2-кварталына карата милдеттери тууралуу маалымат
Жаңылыктар календары
Материалдар архиви
Пайдалуу шилтемелер:
- Коррупцияны алдын-алуу боюнча ишеним телефону (0312) 66-00-20, (0312) 66-04-75, (03738) 5 -02-07
aks.gknb@gmail.com
- Коррупцияны алдын-алуу боюнча ишеним телефону (0312) 66-00-20, (0312) 66-04-75, (03738) 5 -02-07