Таза суу -өмүр булагы

“Кыргызалтын” ААК сы менен биргеликте “Макмал Голд Компани” ишканасы калкты таза суу менен камсыз кылууга шарт түзүүдө.
“Макмал Голд Компани” ишканасынын алдындагы Коммуналдык турак- жай чарбасынын калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу суу түтүгүнө атайын адамдын организимине зыян келтирүүчү зыяндуу заттарды өлтүрүүгө каршы бактерицидтик лампалар орнотулду. Коммуналдык турак-жай чарбанын калкты таза суу менен камсыздоо бөлүмү Нур-Жайык кичи шаарчасынын жана Аэропорт жер тилкесинин жашоочуларын таза суу менен камсыздап келет.
Мындан сырткары саркынды сууларды зыянсыздандыруу максатында дагы иштер аткарылууда. Алсак Коммуналдык турак-жай чарбанын саркынды сууларды тазалоо бөлүмүндө дагы атайын саркынды сууну зыянсыздандыруу үчүн хлор кошуу жабдуусу толук оңдоп -түзөөдөн өткөрүлүп ишке киргизилди.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply