Соода түйүндөрүнүн, базарлардын ж.б. иштөосүнө убактылуу чектөө коюлду
Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары!
2020-жылдын 22-марттан тарта бир айга Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар киргизилгендиктен, райондун аймагындагы дарыканалар, азык-түлүк дүкөндөрүнөн сырткаркы кийим-кече, курулуш, турмуш-тиричилик буюмдарын саткан магазиндер, кафелер, базарлар, автомашина оңдоочу жайлар, такси кызматтары өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынат.
Кызмат адамдары жана жарандар жарандык коргонуу жаатындагы милдеттерди аткарбаса өлкө мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартылаарын эскертебиз.
Бул иш чаранын негизги максаты — элибиздин ден соолугуна кам көрүп , коронавирустун мындан аркы таркашына бөгөт коюу болуп саналат.
Ошондуктан, урматтуу Тогуз-Торо районунун тургандары!
Коронавирусту жоюу аракеттерине сый урмат менен карап, бул иш аракеттерге туура түшүнүү менен мамиле кылууӊуздарды суранабыз.
Убактылуу ыӊгайсыздыктарды жараткандык үчүн кечирим сурайбыз