Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясында жыйын болуп өттү.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Манас Мураталиев, акимдин биринчи орун басары Темирбек Арун уулу, айыл аймагынын айыл өкмөт башчылары жана мекеме-ишкана жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
– Жазгы айдап себүү иштерине карата даярдыктардын жүрүшү жана дыйкандардын үрөн, күйүүчү майлар менен камсыз болушу, техникалардын даярдыктары тууралуу;
– Сугат мезгилине карата канал, арыктардын даярдыктары боюнча;
– Жашылдандыруу көрктөндүрүү иштеринин жана ишембиликтердин жүрүшү тууралуу жана “Жашыл Мурас” акциясынын алкагында аткарылып жаткан иштер жана 2025-жылга көчөттөрдүн отургузулушу тууралуу.
Жогоруда маселелер боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматтары угулуп, ага карата бир нече тапшырмалар берилди.


