Райондо, психикалык жана жүрүм-турумдук бузулууларына алып келүүчү психоактивдүү заттар жана алардын сатылышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы №463-т. тескемеси менен бекитилген “Жаңы синтетикалык баңгизаттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын пайда болушу жөнүндө билдирүүнүн улуттук механизмин киргизүү концепциясын ишке ашыруу” боюнча иш-чаралар планынын негизинде райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, дин кызматкерлеринин жана коомчулуктун катышуусунда атайын жумушчу топ түзүлүп, райондогу дары-дармек сатуучу дарыканаларда, авто тетиктерди жана канцелярдык товарларды сатуучу ж.б. соода түйүндөрүндө балдардын жана өспүрүмдөрдүн психикалык жана жүрүм-турумдук бузулууларына алып келүүчү психоактивдүү заттар жана алардын сатылышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.