Райондук мамлекеттик администрациясынын 05.11.2024-жылдагы №268-т “Бүткүл дүйнөлүк АИВ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык өнөктүк өткөрүү жөнүндө” тескемесинин негизинде, “Өзүңдүн АИВ статусуңду бил” акциясынын алкагында өткөрүлгөн жөө жүрүшкө райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары В.Б.Мурзалымбекова, медицина, билим берүү кызматкерлери жана райондогу мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышышты.
Уюштуруучуларга жана катышуучуларга райондук мамлекеттик администрациясы ыраазычылык билдирет!