ВИЧ\СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн бир айлыгынын алкагында алдын алуу иштери жүрүүдө
Тогуз-Торо райондук Ч.Айтматов атындагы китепканасында 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн бир айлыгынын алкагында “ВИЧ/СПИД илдетин алдын алуу” темасында тегерек стол өткөрүлдү.
Ага, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Адылбек Абысейитов, Аманкан Жакишов атындагы Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгерлери, айыл өкмөт жана мекеме ишканалардын кызматкерлери, мектеп мугалимдери катышышты.
Райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологу Анара Атыканова ВИЧ/СПИД оорусун жуктуруп албоо боюнча маалымат берилип, суроо жооптор менен коштолду.
Мындан сырткары бир айлыктын алкагында райондук оорукананын дарыгерлери жарандар өздөрү үчүн текшерилип ооруну алдын алуу максатында билим берүү жаатында эмгектенген мугалимдерге жана ишкана-мекемелердин жетекчилерине жана жарандарга маалымат берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында жетекчиликтер тышкы миграцияга чыгып жаткан мекендештерди милдеттүү түрдө текшерилүүнү жана жарандарды жылына бир жолу текшерилүүдөн өтүп турушса деген сунуштарын билдиришти.