Район башчысы алыскы айылдардан кабар алды

Кыш мезгилине карата Тогуз-Торо районунун борборунан алыс жайгашкан Дөдөмөл жана Кош-Булак айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүлдү. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.М. Мураталиев жергиликтүү элдин жашоо-турмушу, кышкы даярдыктары жана социалдык маселелердин абалы менен жеринде таанышып чыкты.
Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундары бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Район башчысы айтылган ар бир сунуш-пикирлерди угуп, тиешелүү тармак жетекчилерине маселелерди кыска мөөнөттө чечүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле мындай жолугушуулар эл менен бийликтин ортосундагы байланышты чыңдап, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү өз убагында аныктоого  шарт түзөрү белгиленди.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply