Муз үстүндөгү мелдеш

Муз үстүндөгү мелдеш

2018-жылдын 26-январь күнү Тогуз-Торо районунун Казарман айылында муз үстүндө коньки тебүү оюну уюштурулуп жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

КР Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасы боюнча № 600 токтомун аткарууга алуу жана районубузда спортту өнүктүрүү максатында райондук деңгээлде районубуздагы 6 жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучулары арасында “Беш манжа бөлөк билек бир, Беш адам бөлөк тилек бир” аттуу муз үстүндөгү оюну болду.

Окуучулар арасында достук мамилени чыңдоо, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча тилектер айтылып, оюнда 3 команда диплом жана акчалай белектер менен сыйланышты.

Мындан сырткары оюнга 8900 (сегиз тогуз жүз) сом демөөрчүлүк кылган Токтожумаев Урматка,  Таалайбеков Тынчтыкка Дайырбеков Бекболотго жана жаштардын кышкы убактысын туура пайдалануу үчүн өз менчигиндеги жер тилкесине убактылуу муз аянтчасын уюштургандыгын белгилеп, Келдибеков Кылымбекке Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жана жашоочулардын атынан ыраазычылык билдирилди.

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply