Бүгүн районго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Исатбек кызы иш сапары менен келди.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы, район акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл аймагынын тургундары, мугалимдери, медицина кызматкерлери, Каргалык айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушуу өткөрүп жолугушууда Каргалык айыл аймагынын тургундарынын көйгөйлүү маселелер тууралуу пикир алышты.
Иш-чарада райондун аймагындагы жалпы билим берүүчү орто мектептериндеги 10-11-класстын окуучулары менен жолугуп, жолугушууда (Жогорку окуу жайга тапшыруу жана Буллинг маселелери) көтөрүлдү.
Муну менен катар Аида Исатбек кызы тарабынан районго алынып келинген көчөттөр берилип, аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө гуманитардык жардамдар көрсөтүлдү.
Мындан сырткары, Кара-Суу айылындагы Сары-Булуң айылдык китепканасына китептер тапшырылды.



